Ашхабад шаарында 2012-жылдын 30-майында кол коюлган Шериктештикке катышуучу мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан зонддоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ашхабад шаарында 2012-жылдын 30-майында кол коюлган Шериктештикке катышуучу мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан зонддоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине кабарласын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков