КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 токтому

Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды  кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин 2016-жылдын 26-январындагы «Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин техникалык регламенттерин ишке киргизүүнүн тартиби жөнүндө» чечимине шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                C.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу