Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кайталанган жана чектеш функцияларын алып салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмү жана штаттык саны төмөнкүдөй жол менен оптималдаштырылсын:
- борбордук аппараттын штаттык саны 3 бирдикке кыскартылсын;
- аймактык бөлүнүштөрдүн штаттык саны 107 бирдикке кыскартылсын;
- борбордук аппараттан 4 бирдик төмөнкүлөргө өткөрүлсүн: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментине – 2 бирдик жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборуна – 2 бирдик.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
2-пунктундагы “1085”, “247”, “164” жана “674” деген цифралар тийиштүүлүгүнө жараша “975”, “240”, “168” жана “567” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 4-тиркеменин эскертүүсүнүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин техникалык жана тейлөөчү персоналдарынын жалпы саны 236 штаттык бирдик, анын ичинде борбордук аппарат боюнча – 48 штаттык бирдик, ведомстволук бөлүнүштөр – 43 штаттык бирдик жана аймактык бөлүнүштөр – 145 штаттык бирдик санында белгиленет.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүн тейлөө үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорт каралбайт.”.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунда жана ушул токтомдо белгиленген ченемдерге шайкеш келтирсин;
- бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери” токтомуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министрликтин ишин, түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруунун жүрүшүндө бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |