КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 105 токтому

Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                            М.Д.Абылгазиев