Кыргыз Республикасында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу тартибин бекитүү жөнүндө
Эл аралык спорттук аренада Кыргыз Республикасынын кадыр- баркын жаратуу жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасында ири масштабдагы спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков