КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 Кыргыз Республикасында баалоо ишин өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пунктунда:

төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

«- кыймылдуу мүлктү баалоонун стандарттары»;

- Баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандарты ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Бизнести баалоонун стандарты ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Кыймылсыз мүлктү баалоонун стандарты ушул токтомдун  3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда  «Кыймылдуу мүлктү баалоонун стандарты» тиркемеси менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министрдин                                                        С.Ш.Жээнбеков