Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 250 “Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 250 “Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункттагы “30 күндөн” деген цифралар жана сөз “15 жумушчу күндөн” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Фонддун эрежелерин жана эмиссия проспектисин каттоодон баш тартуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын региондук бөлүмү (өкүлчүлүгү) тарабынан мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен баш тартуунун себептерин көрсөтүп, аларды негиздөө менен эмитентке жазуу жүзүндө билдирилет.”;
- 17-пункттагы “эки жумалык мөөнөттө” деген сөздөр “10 жумушчу күндүн ичинде” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков