КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 586 токтому

Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу айрым  облустук мекемелерди жана мамлекеттик органдардын  аймактык түзүмдүк бөлүнүштөрүн оптималдаштыруу жөнүндө

 Облустук деңгээлдеги башкаруу органдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик башкаруу түзүмүндөгү кайталануучу функцияларды жоюу, республикалык бюджеттин чыгымдарын кыскартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

         1. Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу облустук мекемелер жана мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүнүштөрү 1-тиркемеге ылайык жоюлсун.

         2. Штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкүлөр  өткөрүп берилсин:

         - мобилизациялык резервдин мекемелери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына 2-тиркемеге ылайык;

         - Жалал-Абад облусундагы “Ак-Жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына;

         - Ош облусунун мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондун жана Жалал-Абад облусунун мамлекеттик тил боюнча облустук комиссияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын карамагына.

  3. Облустук мамлекеттик администрациялардын алдында түзүлгөн автогараждар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн карамагына өткөрүп берилсин.

   4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн алдындагы автогараждардын типтүү штаттары  3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

   5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ченемдик укуктук актыларга ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

  6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдо көрсөтүлгөн мекемелерди  жана аймактык бөлүнүштөрдү  өткөрүп берүү жана жоюу менен байланышкан чыгымдарды “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда караштырсын.

  7. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:

   - бир жумалык мөөнөттө ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн облустук мекемелерди жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүн жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүү үчүн жоюу комиссияларын түзүшсүн;

   - тиешелүү органдардын карамагына өткөрүп берилүүчү мекемелердин активдерин жана пассивдерин белгиленген тартипте кабыл алуу жана өткөрүп берүү үчүн комиссияларды түзүшсүн;

   - ушул токтомдо көрсөтүлгөн облустук мекемелерди жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүн өзгөртүп түзүүнүн жана ишин оптималдаштыруунун жүрүшүндө бошотулган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;

     - штатты өткөрүүдө аны менен кошо берилүүчү функцияларды аткаруу үчүн ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеп турган мекемелердин кызматкерлери которулууга тийиш экендигин эске алышсын;

     - ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

     8. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

     9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                                 С.Ш.Жээнбеков

 1-тиркеме

 

 Жоюлуучу,  республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу облустук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн тизмеси

 

№ 

 

Аталышы


 

Ош облусу


Тышкы экономикалык байланыштар боюнча Ош облустук комитети

Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча облустук комиссия

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарандардын бакубаттуулугу боюнча райондор аралык кызмат

Үрөнчүлүк боюнча Ош облустук координациялык борбор

 

Баткен облусу


Гендердик саясат жана жаңы муун боюнча сектор

Инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыш бөлүмү

 

Талас облусу


Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Талас облустук мамлекеттик кызмат

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын облустар боюнча өкүлчүлүктөрү

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

  1.  Шаар куруу жана архитектура боюнча облустук башкармалыктар  

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берилүүчү мекемелердин тизмеси

№ 

Аталышы

 

  1.  
Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын материалдык баалуулуктарды сактоо кызматы
  1.  
Баткен облусунун материалдык баалуулуктарды сактоо кызматы
  1.  
Жалал-Абад облусунун материалдык баалуулуктарды сактоо кызматы
  1.  
Ысык-Көл облусунун аскердик-мобилизациялык бөлүмү
  1.  
Нарын облусунун мобилизациялык резервинин атайын кызматы
  1.  
Талас облусунун 2-тобунун материалдык баалуулуктарын сактоо боюнча кызматы

.

3-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн алдындагы автогараждардын типтүү штаттары

 

 

 

Аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

1.

Гараждын башчысы

1

2.

Айдоочу

6

3.

Кароолчу

3

4.

Тазалагыч

1

 

Бардыгы:

11

 

 

 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу