Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги №439-VI «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык ;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти:
өсүмдүктөрдү карантиндик фитосанитардык контролдоо функцияларын;
тиешелүү бюджеттик каржылоо (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) жана материалдык-техникалык базасы менен 31 штаттык бирдикти.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
5. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча бириктирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сорт сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбор, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Данды экспертизалоо борбору;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал өстүрүү жана балык чарба департаментине бириктирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаменти, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекциялык асыл-тукум борбору жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыз кылуу департаменти айыл чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыз кылуу боюнча функцияларды жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүнөн штаттык бирдиктерди борбордук аппаратка өткөрүп берүү менен жоюлсун.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүү жана/же жүгүртүү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча функцияларды;
- тиешелүү бюджеттик каржылоо (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) жана материалдык-техникалык базасы менен 26 штаттык бирдикти;
8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине эмгек акы төлөө фонду менен эки штаттык бирдикти өткөрүп берсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 6-пункттагы «369» жана «176» деген цифралар «367» жана «174» деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 7-пункттагы «5337», «82», «5070» жана «185» деген цифралар «5396» «94», «5049» жана « 253» деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 20-пункттагы « 2256» жана « 2055» деген цифралар «2230» жана «2029» деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 34-пункттагы « 1232» жана « 865» деген цифралар «1201» жана «834» деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо (мындан ары-Жобо);
- 5-пункттагы «калктын жашоосунун жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоону, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоону көздөйт» деген сөздөр «Маминспекциянын максаты адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн коопсуздугун камсыздоого көзөмөл жана контролдоо жүргүзүү болуп эсептелет» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Маминспекциянын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы мыйзамдарын, техникалык регламенттер менен бекитилген продукциянын, ошондой эле ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык контролдоого алынууга тийиш болгон продукциянын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдө турган ветеринардык препараттардын коопсуздугуна карата талаптардын бузулушун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу;
- продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо эрежелеринин бузулушун алдын алуу жана бөгөт коюу;
- көзөмөлгө алынган продукциянын керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кирүүсүнөн жана/же жайылуусунан коргоо.»;
- 7-пункттун 1-пунктчасында:
экинчи абзацтагы «жана өсүмдүктөрдүн» деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи абзацтагы «жана фитосанитардык» деген сөздөр алып салынсын;
сегизинчи, он алтынчы, он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөндөгү мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
«- карантиндик фитосанитардык режимдин сакталышын жана белгиленген карантиндик фитосанитардык зоналарда зыяндуу организмдерди локалдаштыруу жана жоюу боюнча программалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө.»;
- 7-пункттун 2-пунктчасынын экинчи жана жетинчи абзацтарындагы «жана фитосанитардык» деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктун 4-пунктчасында;
экинчи абзацындагы «жана фитосанитардык» деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктта:
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
он бешинчи абзацтагы «контролго алынуучу жүктөрдү» деген сөздөр «ветеринардык контролго алынуучу жүктөрдү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы «, ошондой эле этил спиртин, алкоголдуу жана курамында спирт бар продукциялардын өндүрүлүшүнө жана жүгүртүлүшүнө көзөмөл жүргүзүүчү» деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пунктта:
жетинчи - он үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
элүү экинчи абзацтагы «жана лицензиялык» деген сөздөр алып салынсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтеринин реестринде:
- «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги» бөлүмүндө:
аталышындагы «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаменти» деген бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти»;
төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын:
«
Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти | ||
1. | Карантиндик фитосанитариялык контролдоо актысы | «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролдоону ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо |
»;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция» деген бөлүмдүн 1 - 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 «Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги лицензиар болуп эсептелет.».
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
биринчи абзацтагы «Санитариялык» деген сөз алып салынсын;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
15. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте:
бир жумалык мөөнөттө бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жабдууну белгиленген тартипте кабыл алуу жана өткөрүп берүү үчүн ведомстволор аралык комиссияны түзсүн;
бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду киргизсин;
- кайра уюштуруу жана жоюу менен байланышкан тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- үч айлык мөөнөттө ушул токтомдун 5-пунктунда аталган кайра уюштурулуучу мекемелердин кабыл алуу жана өткөрүп берүү актыларын бекитсин.
- ушул токтомдун 6-пунктунда көрсөтүлгөн мекемени жоюу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- кызматкерлерди иш менен камсыз кылуу жана финансы-материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүү маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечсин.
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бекитилген каржылоо көлөмүнүн алкагында 2016-жылдын сметалык дайындоолорго белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
17. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 138 «Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211 «Кыргыз Республикасынын асыл-тукум мал чарбасына андан ары колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 381 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомунун 2-пунктунун кырк бешинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-декабрындагы № 895 «Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө» токтомунун 4-пункту.
18. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
19. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү тийиштүү бөлүмдөргө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков