КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- КНСтин эсеп-фактураларынын формалары 2-7-тиркемелерге ылайык.

2. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга өтүүгө байланыштуу төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде салык салынуучу жеткирүүлөрдү тариздөө үчүн салык төлөөчү тарабынан ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары пайдаланылсын;

- КНС төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 “Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого ылайык салыктык катталган жери боюнча салык органына ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары боюнча реестрлер берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 “Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун 10-30-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-февралында күчүнө кирүүчү 3-пункттун экинчи абзацынан тышкары 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

 

 Премьер-министрдинмилдетин аткаруучу                                                         С.Ш.Жээнбеков