“Мамкомгеология” курулуш-монтаждык башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Мамкомгеология” курулуш-монтаждык башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- “Мамкомгеология” курулуш-монтаждык башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюучу комиссияны түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу С.Ш.Жээнбеков