Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларына дем берүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 91-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
« Улуттук коопсуздук органдарынын кенже жана улук офицердик курамындагы адамдарга жетекчинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо ишинде мамлекетке сиңирген көрүнүктүү эмгеги үчүн мурунку наамдагы кызмат өтөө мөөнөтүн жана ушул пунктта каралган талаптарды эске албастан бир жолу, ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наам мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин милдетин аткаруучу С.Жээнбеков