Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 “Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Шайлоо процессин өркүндөтүү жана даректерди эсепке алуунун ачык тутумун түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 “Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Кыймылсыз мүлк объектисинин толук дареги өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:
- облустун аталышы;
- райондун аталышы;
- калктуу конуштун аталышы;
- даректик элемент;
- көчөнүн аталышы;
- кыймылсыз мүлк объектинин номери;
- тамга индекси (тамга) же корпус (бар болсо);
- батирдин номери (бар болсо).»;
- 10-пункт “Кыймылсыз мүлк обьектисинин” деген сөздөрдөн кийин “толук” деген сөз менен толукталсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Кыргыз Республикасынын аймагында даректик элементтерди жазууда төмөнкүдөй кыскартууларга жол берилет:
№ | Толук аталышы | Кыскартылган аталышы |
1 | кичирайон | кчр. |
2 | станция | ст. |
3 | участок | уч. |
4 | көчө | к. |
5 | разъезд | рзд. |
6 | өткөөл | өтк. |
7 | заезд | зд |
8 | аллея | аллея |
9 | бульвар | бул. |
10 | квартал | кв-л |
11 | чолок көчө | чк. |
12 | проспект | пр. |
13 | туюк көчө | тк. |
14 | аянт | аянт |
15 | канал | канал |
16 | контур | контур |
17 | массив | мас. |
18 | шоссе | шос. |
19 | кашар | кашар |
20 | урочище | өйүз |
21 | МТФ | СТФ |
”;
- 15-пункт “так номерлер менен” деген сөздөрдөн кийин “чыгыштан батышты жана түштүктөн түндүктү карай багыттарда” деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункт “объект” деген сөздөн кийин “ыйгарым укуктуу орган тарабынан” деген сөздөр менен толукталсын.
- 24 жана 25-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык же айылдык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн аталыштарын ыйгаруу (өзгөртүү, жокко чыгаруу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө милдеттүү тартипте төмөнкү документтерди жиберишет:
- проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык же айылдык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн аталыштарын ыйгаруу (өзгөртүү, жокко чыгаруу) жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк органынын чечиминин түп нускасын;
- кыймылсыз мүлк объектиси белгиленген планды.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык же айылдык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн аталыштарын ыйгаруулар, өзгөртүүлөр жана жокко чыгаруулар жөнүндө маалыматтардын өз убагында жана толук берилиши үчүн жоопкерчиликте болушат.
25. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү тийиштүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлк объектисинин дарегин жана анын өзгөрүүлөрүн катташат, Даректик регистрдин электрондук картасына кыймылсыз мүлк объектинин чек араларын киргизишет, даректи жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды Даректик регистрге киргизишет”.;
- 26-пункт “тийиштүү мыйзамдарында жана” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөр менен толукталсын;
- 27-пунктта:
биринчи абзацы “кайра атоодо” деген сөздөрдөн кийин “, бириктирүүдө же жоюуда” деген сөздөр менен толукталсын”;
сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«4. Даректик регистрдин электрондук картасынын түзүмү жана аны башкаруу”;
- 28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“- кыймылсыз мүлк обьекттеринин мейкиндиктеги жайгашкан ордун аныктоого мүмкүндүк берген картографиялык маалыматтар же Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объекттеринин электрондук картасындагы алардын жыйындысы.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 281 жана 282-пункттар менен толукталсын:
“281. Даректик регистрдин электрондук картасын башкарууга төмөнкүлөр кирет:
- администрациялык райондордун жана администрациялык башкармалыктардын аймактарынын санариптик моделдерин бүтүн, бири-бирине топологиялык туура келген көп кырдуулар түрүндө түзүү;
- болгон координаттар боюнча кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү жана GPS аппаратуранын маалыматтарын иштеп чыгуу;
- кыймылсыз мүлк объектинин даректик планын Даректик регистрдин картасында түзүү (батирлер менен бөлмөлөр даректик планда көрсөтүлбөйт);
- шайлоо участокторунун, турак-жай коммуналдык чарба тейлеген зоналардын чек араларын, ички иштер органдарынын участокторунун чек араларын ж.б.у.с. түшүрүү.
282. Шайлоо максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынын электрондук картасын түзүү шайлоо участокторунун бекитилген чек араларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт:
- Даректик регистрдин электрондук картасында шайлоо участокторунун аталыштарын жана чек араларын ыйгаруу жана өзгөртүү бир жолу жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ыйгарым укук берген жак тарабынан “Кыргыз Республикасынын Даректик регистри” маалыматтык тутумунда электрондук түрдө тастыкталгандан кийин токтотулат.”;
- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Даректик регистрдеги маалымат ачык, жалпыга жеткиликтүү болуп эсептелет, кызыкдар жеке жана юридикалык жактардын баарына берилет жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын расмий документтеринде жана ведомство ичиндеги маалыматтык тутумдарында жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пайдаланылышы керек.”
- 30-пункт “Даректүү каттоо боюнча маалымдама” деген сөздөрдөн кийин “жана картографиялык” деген сөздөр менен толукталсын”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков