2006-жылдын 25-майындагы Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондун түзүү келишими менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Уставына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Казаков Түгөлбай Токтогулович Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун башкармасында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун Аткаруучу дирекциясына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган дайындоо жөнүндө билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 142-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков