Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин "Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө жобосунбекитүү" жөнүндө буйругу.
Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесинин 10-бөлүмүнтурмушка ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун 1-тиркемесинин 19-пунктунун негизинде, буйрук кылам:
1.Тиркемеге ылайык Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө жобосу бекитилсин.
2.Айылдык кеңештердин төрагаларынабир жолку компенсациясын жергиликтүү бюджеттин эсебинентөлөп берүү жагы ушул буйруктун тиркемесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын.
3.Административдик жана кадр иштери боюнча бөлүмүнө: (Султакеева А.Т.):
- ушул буйрук катталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде,бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө жобонун 17- жана19-пункттарына ылайык, ушул буйруктубелгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштеринжүргүзсүн;
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирүүнү камсыздасын.
4. Пресс-катчы (Босумбаев С.Р.) аталган буйруккатоодон өткөндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Агенттиктин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышынын көзөмөлдөөсү директордун орун басары М.Халитовго жүктөлсүн.
Директор Дж.Ш.Эгамбердиева