КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 токтому

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө

 Кыйыр салыктардын толук төлөнүшүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 72-беренесине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 18-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:

«30. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, төмөнкүлөр боюнча:

1)   контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмесин бекитүү;

2)    контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн белгилөө.».

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков