КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтому

Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн  каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык интеллектуалдык менчик объекттерине укуктук коргоо берүү жол-жоболорун жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Патенттик мыйзамына, “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө”, “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө”,  “Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1. Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн  каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы  № 259 “Селекциялык жетишкендиктерди патенттөө үчүн пошлиналардын Жобосун бекитүү тууралуу” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 5-январындагы  № 1 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 520 “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомунун 2-пункту;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-августундагы № 489 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 698 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын  12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

   - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-сентябрындагы № 657 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-сентябрындагы № 424 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын  12-июнундагы № 346 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 752 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун  1-пункту;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 45 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков