КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 токтому

Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 32, 37 жана 38-беренелерине, “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы   № 260 “Автордук укук, эриш-аркак укуктардын объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо жыйымдары жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-майындагы № 286 “Электрондук эсептөө машиналары, маалыматтар базалары жана интегралдык микросхемалардын топологиялары үчүн программаларды каттоого жыйымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы   № 233 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 8-пункту;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-майындагы № 286 токтому менен бекитилген Электрондук-эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалыматтар базаларын жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттагандыгы үчүн жыйымдар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-декабрындагы  № 850 токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260 “Автордук укук, чектеш укуктардын объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо жыйымдары жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын  20-октябрындагы № 658 токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260 “Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 461 токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                  С.Ш.Жээнбеков