КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 99 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 «Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы  № 488 «Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо:

- 4-пунктта:

«в» пунктчасындагы «ж.б.» деген сөздөр алып салынсын;

«г» пунктчасындагы «ж.б.» деген сөздөр алып салынсын;

«д» пунктчасындагы «, казинолор ж.б.» деген сөздөр алып салынсын;

«е» пунктчасындагы «ж.б. деген сөздөр алып салынсын;

«ж» пунктчасындагы «чатыр дүкөнчөлөр, столдор, стенддер» деген сөздөр «соода борборлору, соода үйлөрү, супермаркеттер» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«з» пунктчасындагы «стадиондор, парктар, спорт залдары,» жана «ж.б.» деген сөздөр алып салынсын;

«и» пунктчасындагы «ж.б.) жана жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрү» деген сөздөр «, спорт залдары)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«к» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 183 жана 184-пункттар менен толукталсын:

«183. I бөлүмдүн 4-пунктунун з) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

С = Сб х Км х Кк, мында:

С – автордук сый акынын чени;

Сб – негизги чен;

Км – төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;

Кк – тейлөөнүн класстуулук коэффициенти.

Сб = РП х N / 100, мында:

РП – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

N – телевизорлору бар мейманканалардагы (эс алуу үйлөрүндөгү, пансионаттардагы, санаторийлердеги, курорттордогу) номерлердин саны.

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет:

Км = 20 – Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 10 – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;

Км = 5 – Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары.

Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) мейманканадагы (эс алуу үйүндөгү, пансионаттагы, санаторийдеги, курорттогу) номерлердин орточо наркы боюнча эсептелет:

Кк = 5 – тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (номерлердин орточо наркы

150 РПдан жогору);

Кк = 4 –  тейлөөнүн жогорку деңгээли (80 РП дан 150 РПга чейин);

Кк = 2 –  тейлөөнүн орточо деңгээли (20 РП дан 80 РПга чейин);

Кк = 1 – тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (20 РПга чейин), мында РП – мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.

184I бөлүмдүн 4-пунктунун и) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

С = Сб х Км х Кк, мында:

С – автордук сый акынын чени;

Сб – негизги чен;

Км – төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;

Кк – тейлөөнүн класстуулук коэффициенти.

Сб = РП х Р / 100, мында:

РП – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

Р – музыкалык чыгармалар пайдаланылуучу кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ишканаларынын жайлары (кв. метр).

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет:

Км = 2 – Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 1 – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;

Км = 0,5 – Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары.

Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) төлөөчүнүн каталогундагы кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы боюнча эсептелет:

Кк = 5 – тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы 8 РПдан жогору);

Кк = 4 –  тейлөөнүн жогорку деңгээли (5 РПдан 8 РПга чейин);

Кк = 2 –  тейлөөнүн орточо деңгээли (3 РПдан 5 РПга чейин);

Кк = 1 – тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (3 РПдан баштап), мында РП - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу