Кыргыз Республикасынын “Авиаотун менен камсыздоо” авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жарандык авиацияда авиаотун менен камсыздоо маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Авиаотун менен камсыздоо” авиациялык эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө”;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” 2013 -жылдын 26-мартындагы № 153;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2013-жылдын 19-июнундагы № 426.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков