Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишинин айрым маселелери жөнүндө
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууларын жана коргоосун контролдоо функциясын ишке ашыруу үчүн тиешелүү бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына 5 штаттык бирдикти өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтерин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 13-1-пунктундагы “392” жана “133” деген цифралар тиешелүү түрдө “387” жана “128” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 33-пунктундагы “588” жана “134” деген цифралар тиешелүү түрдө “593” жана “139” деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- түзүмдөрүн жана штаттык санын ушул токтомго шайкеш келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка толук чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков