Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2016-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү өлчөмдөр белгиленсин:
- балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 900 сом суммасында;
- он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) 810 сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун суммасын ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген, кепилденген минималдуу кирешенин жана жөлөкпулдун жаңы белгиленген өлчөмдөрүн эске алуу менен кайра эсептесин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 “Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 37-пунктунун экинчи абзацындагы жана 371-пунктунун экинчи абзацындагы “705” деген цифралар “810” деген цифраларга алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 “Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:
- VI главасынын 2-пунктунда:
экинчи абзац “жеңил автомобиль” деген сөздөрдөн мурда “даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан кем, ошондой эле кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 2000 жана андан көп куб сантиметр (2 жана андан көп литр) болгон, даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан ашык” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- микроавтобустар.”.
- жогоруда айтылган Жобонун 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков