КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 521 токтому

Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө

Жардыруу иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында, “Өнөр жай багытындагы жардыруучу материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                             С.Ш.Жээнбеков