Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кайрылман» программасын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо жана жардам көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кайрылман» программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кайрылман» программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары – Иш-чаралардын планы) 2-тиркемеге ылайык;
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Программаны жана Иш-чаралардын планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- Программаны жана Иш-чаралардын планын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Программанын жана Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы:
- Программаны жана Иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча мониторингди жүргүзсүн;
- отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча топтолгон маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков