Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 «Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдеринин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Аӊыздарды, чабындыларды жана жайыттарды которгондо (трансформациялаганда) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын эсептөөдө кайрак жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат, ал эми көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлерди которгондо – сугат айдоо жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков |