Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыйыр салыктарды башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан товарлар өткөрүлгөн жана эсепке алынган датаны аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-декабрындагы № 226 “2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамына, Жогорку Евразия экономикалык кеңештин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 “Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан Республикасынын кошулуусуна байланышкан айрым маселелер жөнүндө” чечимине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеги жана товарларды ташып келүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына бекитилген биргелешкен аймактык мобилдик топторду түзсүн жана товарларды эсепке алынбай ташып келүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү боюнча талаптарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контролдук-ыкчам жана рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 “Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринде:
- 14-пункттун биринчи абзацындагы “мамлекеттик контролдон өткөнү жөнүндө талону” деген сөздөр “коштомо кагазы (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) колдонулат)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 “Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-мартындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 “Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө” токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков