Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетин административдик имарат менен камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жер участогун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетин административдик имарат менен камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жер участогун бөлүп берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл аймагынын, Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагынын жана Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасынын аймагында жайгашкан жер участокторун которуу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3¹-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3¹. Ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жерлерден жер участоктору төмөнкүлөргө берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына – аянты 36,98 га жер мөөнөтсүз пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына – аянты 2,58 га жер менчикке.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 7 дареги боюнча аянты 0,097 га жер участогунда жайгашкан административдик имаратты жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына таандык Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 9 дарегинде жайгашкан аянты 0,0298 га жер участогун тийиштүү макулдашууну тариздөө менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү;
- ушул пункттун экинчи абзацында аталган кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоону эки айлык мөөнөттө жүргүзүү.
3 .Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте, ушул токтомдун 2-пунктунун экинчи абзацында аталган мүлктөрдү мамлекеттик менчикке алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-мартындагы № 100 токтомуна ылайык жаңы кассалык борборду куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын менчигине берилген 2,58 га жер участогунун наркын көз карандысыз баалоону үч айлык мөөнөттө жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 2-пунктунун экинчи абзацында аталган мүлктөрдү ыкчам башкарууга кабыл алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) өткөрүп берилип жаткан мүлктөрдү көз карандысыз баалоонун натыйжасында келип чыккан нарктардын ортодогу айырмасын төлөөгө зарыл болгон каражаттарды 2017-жылга карата тиешелүү бюджеттеринде карашсын жана 2017-жылдын 31-декабрына чейин айырманы тиешелүү тарапка төлөп беришсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков