Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасын өркүндөтүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

Бишкек шаары, 2020-жылдын 14-октябры № 4115-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.

2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен - Кыргыз Республикасынын министринен;

Кыргыз Республикасынын министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан. 

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4107-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы


К.Исаев







Электрондук регион

Календарь