Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө ЖОБО

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 21-сентябры ПЖ № 400

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жапаров




Тиркеме




Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө
 ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы (мындан ары - Мамлекеттик катчы) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген Кыргыз Республикасынын кызмат адамы болуп саналат.

2. Мамлекеттик катчы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген улуттук программаларды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Мамлекеттик катчы өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик катчынын милдеттери

4. Мамлекеттик катчынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү, билим берүү жана илим маселелери боюнча программалардын, долбоорлордун аткарылышын контролдоо;

- коомдук ырашкердикти жана саясий туруктуулукту орнотуу, коомдун бардык топторунун жана катмарларынын кызыкчылыктарын эске алуунун жана бириктирүүнүн негизинде коомду консолидациялоо жана руханий адеп-ахлактык кайра жаралуу боюнча концептуалдуу мамилелерди иштеп чыгуу;

- маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

- мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасынын негиздерин иштеп чыгууга катышуу жана алардын аткарылышын контролдоону камсыздоо.

3. Мамлекеттик катчынын ыйгарым укуктары

5. Жогоруда аталган милдеттерди чечүү үчүн Мамлекеттик катчы төмөнкү ыйгарым укуктарды ишке ашырат:

- коомдун маданий жана руханий өнүгүү абалын, тенденциясын талдоону уюштурат, өлкөнүн илимий жана коомдук чөйрөлөрүн тартуу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте билим берүүнү өркүндөтүү, илимди, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- мамлекеттик жана коомдук турмуштун ар кандай актуалдуу маселелери боюнча мамлекеттик институттар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;

- коомду маданий жана руханий жактан өнүктүрүү, аялдарды, үй-бүлөнү, жаштарды колдоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, өзүнүн компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;

- руханий адеп-ахлактык тарбиялоону өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук программалардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана долбоорлордун аткарылышын контролдойт;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин сүйлөгөн сөздөрүнүн жыйынтыгы боюнча өзүнүн компетенциясына кирген иш-чаралар планын иштеп чыгат жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырат;

- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууларды жүргүзөт;

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан зарыл болгон каалагандай маалыматты белгиленген тартипте сурайт жана алат;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин коллегияларына, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына (кеңешмелерине) катышат;

- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын угат;

- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берет;

- өзүнүн карамагына таандык болгон маселелерди чечүүгө катышуу үчүн аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле башка уюмдардын, илимий-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрүн, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

4. Жетекчилик жана Мамлекеттик катчынын катчылыгы

6. Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

7. Мамлекеттик катчынын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналган Мамлекеттик катчынын катчылыгы (мындан ары - катчылык) камсыздайт.

8. Катчылыктын кызматкерлери Мамлекеттик катчынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

5. Мамлекеттик катчынын жана катчылыктын ишин камсыздоо

9. Мамлекеттик катчынын жана катчылыктын ишин кызматтык транспорт, кызматтык жайлар, керектүү уюштуруучулук техника, байланыш каражаттары менен камсыз кылуу жана финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

10. Мамлекеттик катчынын жана катчылыктын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын камсыздоо үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.