КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 5-майы ПЖ № 114
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 14-майындагы ПЖ № 156, 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ № 229 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдарын түзүүнүн жаңы тартиби орнотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелгендигин көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 59 Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук мурастоочусу деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
(КР Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ № 229 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдөн турат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри;
- Кыргыз Республикасынын министрлери;
- мамлекеттик комитеттердин төрагалары.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:
- (абзац КР Президентинин 2021-жылдын 14-майындагы ПЖ № 156 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;
- Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.
(КР Президентинин 2021-жылдын 14-майындагы ПЖ № 156 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жапаров |