10

Февраль

2020

102 ата мекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагында (Орусия жана Казакстан) сата алат

102 ата мекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагына (Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасына) сатуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн Ишканалардын реестрине кирди. 

Бирдиктүү реестрга аккредитациядан өткөн мамлекеттик органдардан Евразия экономикалык бирлилигинин шайкештикти баалоосу боюнча 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы (ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кирген аккредитацияланган сыноо лабораторияларынын 26сы мамлекеттик менчик түрү, ал эми 11 – жеке менчик) кирди. 

Бажы биримдигинин/ Евразия экономикалык бирлигинин кабыл алынган техникалык регламентинин 48и сертифиткация боюнча лабораториялар жана органдар Бажы биримдигинин/ ЕАЭБдин 25 техникалык регламенти боюнча аккредитациядан өттү. 

Мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларындагы 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өттү.