30
Август
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Финансы министри Адылбек Касымалиевдин билдирүүсү боюнча 2017-жылдын январынан июль айына чейинкиси республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы суммасы 64 244,2 млн сомду же 100,7% ды түзгөн.
"2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда, кирешелер 9 585,7 млн сомго көбөйдү. Салыктык кирешелер планын 48 601,2 млн сомду түздү, пландаштырылган 48 772,3 млн сомунун 99,6% ын түзөт. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда, акчалай маанидеги кирешелердин өсүшү 5 295.7 млн. сом. Бажы кызматы боюнча киреше 17 839.4 млн сомду түзгөн, же планды аткаруу 101,0% ды түзгөн ", - деп, Финансы министри кошумча билдирди.
Өкмөт башчысы Сапар Исаков мамлекеттик менчиктеги ишканаларды оптималдаштыруу боюнча ишти аягына чыгаруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
“Адилеттүү мамиле кылса, мамлекеттик менчиктеги ишканаларын оптималдаштыруу – республикалык бюджеттин кирешесин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бир топ мамлекеттик ишканалардын кирешелүүлүгү 1% га барабар, чындыгында алар өлкөнүн кызыкчылыктарына кыйла натыйжалуу ийгиликтүү иштей алышат”, - деп билдирди.
Премьер-министри Сапар Исаков белгилегендей, 2017-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “2018 жылдын республикалык бюджети жөнүндө жана 2019-2020 жылдарга карата болжолдоо” мыйзам долбоорун сунуш кылуусу керек, ошондуктан, тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары өз убагында документ даярдоо боюнча иштерди тездетүү зарыл.
[su_carousel source="media: 102457,102458,102459,102460,102461" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү