14

Июль

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана ЕРӨБ вице-президенти кызматташтык маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июлда, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Алан Пиллу менен жолугушту.

«Кыргыз Республикасы жана ЕРӨБ ортосунда 1993-жылы кызматташтык мамилелери орнотулган учурдан тарта биргелешкен иш алып баруунун жагымдуу тажрыйбасы топтолду. Биз ЕРӨБ тарабынан өлкөгө экономиканын ар кыл тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биздин келечектеги кызматташтыгыбыз да жемиштүү болооруна ишеним билдирем», - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, 2017-жылдын негизги көрсөткүчү катары экономикалык өсүштүн оңдуу динамикасы 4,6% деңгээлинде сакталышы болду. Үстүбүздөгү жылдын беш айында да экономикалык өсүштүн оңдуу динамикасы жана инфляциянын 0,1 % төмөнкү деңгээли сакталууда.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, республикага Европалык Биримдиктин ВСП+ жеңилдетилген тутумунун макамы берилген, атамекендик ишкерлер тарабынан аны пайдалануудагы алгачкы көрсөткүчтөр байкалууда.

«Өкмөттүн маанилүү программасы катары тандалып алынган шаарларды аймактык деңгээлде өнүктүрүүгө багытталган «2018-2022-жылдарга Аймактык саясат концепциясы» саналат. Бул шаарлар жалпы аймак үчүн «өнүгүү түйүндөрү» катары калган региондор үчүн үлгү катары кызмат кылат. Биз агроөнөржай комплекси, кайра иштетүү өнөр жайы, соода тармактары сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүүгө умтулуудабыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр, ЕРӨБ каржылап жаткан суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу жаатындагы долбоорлорду бөлүп көрсөтүү менен мындан ары карай дагы аталган долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууну сунуштады.

«Мурдараак финансы институту Бизнес-омбудсмен институтун түзүүгө катышууга кызыкдарлыгын билдирген. Аталган Институтту түзүү Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат. Сиздердин тажрыйбаңыздарды эске алуу менен, ЕРӨБдү бул маселеге активдүү катышууга чакырабыз. Мындан тышкары, учурда Өкмөт тарабынан Түз инвестициялар фондун түзүү боюнча маселе иштелүүдө. Буга байланыштуу ЕРӨБгө Фондду түзүүгө жана капитализациялоого катышуу мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштайбыз», - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде ЕРӨБ вице-президенти Алан Пиллу Өкмөткө көрсөтүп жаткан колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«ЕРӨБ республикада, тактап айтканда, региондордо көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Айыл чарбасы экономиканын маанилүү тармагы экендигин эске алуу менен анын мүмкүнчүлүгү толук деңгээлде пайдаланылбай жатат деп эсептейбиз. Биз аталган багытта иш алып барууга даярбыз. Мындан тышкары, банк ирригация, суу менен камсыздоо, энергетикалык тармак жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну улантууга ниеттенүүдө», - деп маалымдады ал.

ЕРӨБ вице-президенти кошумчалагандай, банк Бизнес-омбудсмен институтун түзүү боюнча долбоорго катышууга даяр.

«Буга катар биз кыргыз тарап менен биргеликте социалдык-экономикалык мааниге ээ жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга даярбыз», - деп жыйынтыктады Алан Пиллу.

[su_carousel source="media: 120076,120077" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү