13
Июль
133 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү салыктарды башкарууну өткөрүп берүү боюнча келишим түздү
133 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы салык органдары менен жергиликтүү салыктарды жана патент негизиндеги салыктарды башкарууну өткөрүп берүү боюнча келишим түздү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтому менен Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө жобо бекитилген.
Аталган Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мүлк салыгы, жер салыгы, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салык боюнча салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда алар тарабынан укуктардын жана милдеттердин ишке ашырылышынын, салыктык контроль жүргүзүлүшүнүн жана салык карызын өндүрүүнүн тартибин аныктайт.
Салык органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча келишимди кароо жана түзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишим иштелип чыккан, ал жогоруда аталган ведомстволордун буйруктары менен бекитилген.
Бүгүнкү күндө республика боюнча аймактык салык органдары тарабынан 133 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзүлгөн.
Ошол эле учурда калган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен салыктарды башкарууга карата функцияларды кабыл алуу боюнча иш улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү