24

Октябрь

2012

Урматтуу Кыргызстандын стандартташтыруу жана метрология кызматкерлери!

Сиздерди стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик системанын түзүлүшүнүн 85 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул жылдардын ичинде Борбор өлкөбүз баштан кечирген бардык сыноолордон ийгиликтүү өтүп, өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Кыргызстандын экономикасында чечүүчү позициялардын бирин ээлеген стандартташтыруу жана метрология системасы калыптанды жана өнүктү. Жогорку квалификациялуу адистердин жамааты түзүлдү.

Учурда Кыргыз Өкмөтү калктын жашоосунун сапатын жогорулатууну эң маанилүү мамлекеттик артыкчылык катары эсептейт. Бул багытта бир топ иштер жасалды, бирок, алдыда дагы көп иштер турат. Биздин ата-мекендик товар өндүрүүчүлөр дүйнөлүк стандарттардын деңгээлиндеги продукцияларды чыгарып, өлкө экономикасынын атаандаштыкка туруктуулугу артууга тийиш.

Ошондуктан биздин алдыбызда стандартташтыруу жана метрология жаатында бирдиктүү техникалык саясатты жакшыртып, өлкөдөгү ишканалар менен уюмдардын ишмердигин камсыз кылууга жигердүү катышуу милдети турат. Бул өңүттөн алганда да сиздердин эмгегиңиздер өзгөчө мааниге ээ болот. Анткени сиздер өлкөнүн эл чарбасын өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу жана келечектүү багыттарын аныктоого көмөктөшөсүздөр.

Борбордун кызматкерлерине жемиштүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге ишиңиздерде албан ийгиликтерди, Сиздерге жана Сиздердин үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, ырыс-таалай жана бакубат турмуш каалайм!

Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министри                                                        Ж. Сатыбалдиев