27

Ноябрь

2012

Тамеки жана алкоголь продукциясына акциздик маркалардын берилиши боюнча тендердин жыйынтыгын өз учурунда чыгарылбагандагынын себептерин изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин  2012-жылдын 24-сентябрындагы N 710 буйругу менен комиссия түзүлгөн, ага бул маселени изидөө жана керектүү корутунду жасоо тапшырмасы берилген. Комиссия бул жагдайларды изилдеп, тендерди өз убагында өткөрүлбөгөндүктүн жана анын жыйынтыгы жарыялбагандыктын, ошондой эле аны өткөрүүдөн баш тартуунун себеби болуп тендердик комиссия жана МСКнын “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын базалык талаптарын сакталбагандыгы негизги себеп болгон деген чечимге келген. Учурда тендерди өткөрүү боюнча жоопкерлер - К.К. Абдалиев жана А.С. Токтоналиев ээлеген кызмат орундарынан  бошотулушкан. Азыр Кыргыз Республикасына жана анын сыртына тамеки жана алкоголь продукциясына акциздик маркаларын даярдоо жана жеткирип берүүгө заказ берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  2012-жылдын 18- октябрындагы тендердик комиссияны түзүү жөнүндө N 799 буйругуна кол койду. Айтылган тендердик комиссия тендердик документацияны даярдайт, “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасына жана анын сыртына тамеки жана алкоголь продукциясына акциздик маркаларын даярдоо жана жеткирип берүү боюнча кызмат сатып алууга тендер өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тендердин өткөрүлүшүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү