26

Январь

2013

(21-26-январь, 2013-жыл)

 21-январь

 Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: чек ара боюндагы Баткен районунун айылдарынын проблемалары чечилиш керек 

 Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Сох анклавына жакын чек ара боюнда жайгашкан калктуу пункттардын социалдык жана инфраструктуралык маселелерин чечүү боюнча жумушчу жыйынында айтты.

 Чек ара боюна жакын жайгашкан калктуу пункттардын кечиктирилгис тапшырмаларын чечүү боюнча комиссиянын жетекчиси, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешов жумушчу топтун ишинин алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымдады.

 Ал КР Премьер-министрине Баткен районундагы чек ара маселелери боюнча тургундардын көйгөйлүү маселелерин чечүүнү, жакында болгон чек ара жаңжалын саясатташтырбоо тууралуу жергиликтүү элдин  суранычтарын  билдирди.

 А. Эргешовдун айтуусу боюнча “Бель-Согот-Божой” жолунун курулушунун негизги иштери аяктоодо. “Эки тоо кыры аркылуу өтүүчү жол калды, ага бир жарым айдай убакыт кетет. “Айгүл-Таш-Согмент-Чарбак-Таян” автожолу оңдоп-түзөтүлдү. Мындан тышкары чек ара боюндагы айылдарды таза суу, электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө”,- деди ал.

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев башталган иштер аягына чыгаарын белгиледи. “Мындан тышкары Баткен районунун Чарбак айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу, ошондой эле чек ара боюндагы Сай айылында мектептин курулушу каралууда”-, деп маалымдады Өкмөт башчысы.

 Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев чек ара боюна жакын жайгашкан калктуу пункттардын кечиктирилгис тапшырмаларын чечүү боюнча башталган иштер аягына чейин чыгаарын белгиледи.

  22- январь

 Жантөрө Сатыбалдиев: ички иштер органдарын реформалоо Концепциясы кайрадан иштелип чыгууга муктаж

  Мындай ойду КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КР Ички иштер министри Шамил Атаханов менен жумушчу жолугушуусу учурунда айтты.

 Жолугушуу учурунда Ш.Атаханов КР ички иштер органдарын 2013-2017-жылдары реформалоо Концепциясынын долбоорун презентация кылды.

 Сунушталган документтин маңызын талкуулоо учурунда, Өкмөт башчысы аталган Концепциянын башкы максаты болуп элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу болуп эсептелинет деп белгиледи. “Концепцияны ишке ашыруу мөөнөтү 2017-жылга чейин. Бирок бул өтө чоң мөөнөт. Биздин бүгүн ага чейин күтүүгө убактыбыз жок. Реформага элди ишендирүү үчүн биз ушул жылдын акырына чейин өз иштерибизди көрсөтүүбүз керек. Биз жарандарыбызга өлкөдө укуктук тартип туруктуу сакталып, кылмыш иштери адилеттик менен кыска убакыттын ичинде аягына чейин чыгаарына ишеним арттырышыбыз зарыл”, -деди Премьер-министр.

 Жыйындын жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Ички иштер министрлигине төмөндөгүдөй тапшырмаларды берди:

 -10 күндүк мөөнөттө Концепциянын долбоорун кайрадан иштеп чыгып Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жетекчилиги менен өтүүчү кезектеги жыйында кенен форматта талкуу өткөрүүнү;

 - кайрадан иштелип чыккан Концепциянын долбоорун коомдук талкууга алуу үчүн ИИМдин жана Өкмөттүн сайттарына чыгарууну;

 -Концепциянын долбоорун талкуулоо боюнча жарандык коомчулук менен өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусунда тегерек столдорду уюштурууну;

 -Концепцияны талкуулоо боюнча улуттук жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен илимий конференцияларды өткөрүүнү.

 23- январь

 Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 2013-жылы дыйкандарга миңден ашык техника лизингге берилет

 

Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Түркия мамлекети тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттин эсебинен фермерлерге айыл чарба техникаларын лизингге берүү аземине катышты.

 Премьер-министр Ж, Сатыбалдиев фермерлер менен дыйкан чарбалардын жетекчилердин астында сүйлөгөн сөзүндө 2013-жылы Түркия мамлекетинин биздин өлкөгө берген жеңилдетилген кредитинин эсебинен 5 млн. долларга, 225 трактор алынып, дыйкандарга лизингге берилерин, алардын ичинен 80 трактор, 5 комбайн жана 50 айыл чарба шаймандарынан турган  биринчи партия бүгүн фермерлерге тапшырылаарын билдирди.

 Түркия кредитинен бардыгы болуп 225 баш айыл чарба техникасы алынаары маалымдалды жана Өкмөт айыл чарбасын техника менен камсыз кылууга жана айыл чарба жумуштарын механизациялаштыруунун деңгээлин көтөрүүдө, дыйкандарга ар дайым колдоо көрсөтөрү баса белгиленди.

“Биз айыл чарбасын кубаттуу жана жогорку технологияда чыгарылган тракторлор, комбайндар жана шаймандар менен камсыз кылбай туруп, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртып, көлөмүн көбөйтө албайбыз. Ошондуктан, Өкмөт тарабынан 2013-жылы бул тармакка өзгөчө көңүл буруу менен мамиле жасайбыз. Ошону менен бирге, бардык коммерциялык банктарды бул ишке тартып, лизингди кеңири жайылтууну ишке ашырууну көздөп жатабыз. Жалпысынан 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миң даанадан ашык тракторлор жана айыл чарба техникалары лизингге берилет. Алардын жалпы акчалай көлөмү 1 млрд. сомдон ашат. Бул демилге айылдарда агротехсервистерди түзүүгө негиз болот”, – деди Премьер-министр.

  Мындан сырткары Өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев 5 коммерциялык банктар менен айыл чарба тармагын колдоо боюнча 4,5 млрд. сомго чейин эсебинде жеңилдетилген кредит берүү макулдашылып, меморандумга кол коюлгандыгын баса белгиледи.

 24-январь

 Премьер-министр КР Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтти

 Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн жыйыны өтүп жаткан учурда маалым болду.

Кол коюлган буйрукка ылайык облустардагы  Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө райондук мамлекеттик администрациянын башчыларына-акимдерге жана алардын орун басарларына кызматтык милдеттерин аткарбаганы же так аткарбаганы үчүн  милдеттүү түрдө Өкмөткө билдирүү менен тартипке чакырууну колдонуу укугу берилди.

“Ыйгарым укуктардын кеңейиши жоопкерчиликтердин тиешелүү деңгээлге жогорулашы болуп эсептелинет”,- деп белгиледи Ж, Сатыбалдиев.

 Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын, алардын орун басарларын  кызматка коюнун алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашылат.

 *****

 Ж.Сатыбалдиев: Өкмөт “Кумтөрдүн” иштей беришине кызыкдар. Кенди улутташтыруу жөнүндө сөз болгон жок. 

 Мындай билдирүүнү бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында жасады.

 Жыйындын күн тартибинин биринчи маселеси болуп 2012-ж.3- июлундагы Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  токтому менен уюшулган

 “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстерин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын”  жыйынтыгын кароо жөнүндө болду.

 Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик комиссиянын ар тараптуу, толук, объективдүү жана ачык иштеши үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп бергенин  баса белгиледи.

 “Биздин Өкмөт “Кумтөрдүн”  мындан ары иштешине кызыкдар. “Кумтөр” кенинде алтындын казылышы  Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлүшү керек. Кенди улутташтыруу боюнча сөз болгон  жок”,- деп билдирди Ж. Сатыбалдиев.

 “Кумтөр” долбоору боюнча мурда кол коюлган макулдашуудан улам чыккан экономикалык жоготуулар, тоо техникалык тармактагы  кетирген каталыктар тууралуу маселелер, кен чыгарып жаткан жердеги иштердин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири, ошондой эле аталган долбоорду натыйжасыз башкаруудан чыккан жоготуулар жөнүндө Мамлекеттик комиссиянын отчётунда камтылганын белгилейбиз.

  Комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу аталган Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Темир Сариев айтып берди.

 Министрдин айтуусу боюнча “Кумтөр” алтын кенин иштетүү өлкөнүн мыйзамдарын одоно бузуу менен иштетилген.

 “Кумтөр” алтын кенинин запасы акыркы көрсөткүчтөр боюнча 900 тоннадан ашык. Анын ичинен 1997-жылдан баштап 260 тонна казылган.

 Мамлекеттик комиссиянын отчету  КР Өкмөтүнө төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

- “Centera Gold Inc” компаниясы менен “Кумтөр” долбоору боюнча 2009-жылдагы макулдашууну бузуу тууралуу келишимди өткөрүү;

-кыргыз тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы макулдашууну түзүү;

-.жер ээсине жерди алганы үчүн компенсация төлөп берүүнү камтыган 2009-ж. “Кумтөр” долбоору боюнча макулдашууларга ылайык компенсациялык аянттын кеңейишине компенсация төлөп берүү маселесин кароону;

-Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы суулардын  булганышын баалоо максатында чарбачылык субъекттердин сууларга тийгизген техногендик залалын  аныктоочу категорияларды белгилөөнү;

Эгерде макулдашууга жетишпесе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунушталды:

 -  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө процедураны демилгелештирүү;

  - 2009-жылдын 6-июнундагы кайрадан каралып чыккан  инвестициялык макулдашууну  бузууну;

  - 2009-жылдын 6-июнундагы кайрадан каралып чыккан  Концессиялык келишимди бузууну;

  - “Кумтөр” долбоорунун алкагында  боюнча түзүлгөн  башка макулдашууларды бузууну;

  25-январь

 Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: элдин милицияга болгон ишеним деңгээлин көтөрүү керек

 Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КР Ички иштер министрлигинин 2012-жылдын жыйынтыгынын жана 2013-жылдын пландарынын маселелери боюнча коллегиясында айтты.

Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев 2012-жыл элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга негиз болуучу  ички иштер органдарынын ишмердигиндеги кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн, оң жакка карата жасалган чечүүчү бурулуштун жылы катары эсте калбаганын коллегияда  өкүнүү менен белгиледи.

 Ошондой эле Премьер-министр ИИМди реформалоону 5 жылга созуунун кажети жоктугуна токтолду. “Азыр 2013-жылдын биринчи кварталынын корутундусу менен жыйынтык көрсөтсө болот. Ал үчүн милициянын аймактык тескөөчүсүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын кеңейтүү менен ал институтту жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлор институтун  кайрадан киргизүү процессин  тездетүү зарыл. Өлкөдө болуп жаткан кылмыштардын 67 пайызы анчалык оор эмес мүнөздөгү кылмышка кирет. Бул иштерди милициянын аймактык тескөөчүсү эле чече алмак.”,- деди Премьер-министр.

 Өкмөт башчысы милициянын аймактык тескөөчүсү менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлордун ишине дем берүү максатында жыл сайын берилүүчү мыкты милициянын аймактык тескөөчүсү жана инспектору деген сыйлык дайындаганын маалымдады.

 Ж.Сатыбалдиев ички иштер министрлигинин өздүк курамына кайрылып жатып Өкмөт Шамил Атаханов баштаган реформаны колдоорун  баса белгиледи.

 *****

Өкмөт тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын 59 ишканасын кирешеден алынган салыктан үч жылга бошотту

 Бул тууралуу бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев  айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

 Анын айтуусу боюнча Өкмөттүн токтомуна бүгүн кол коюлган жана 2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. “Айрым критерийлердин туура келбешине байланыштуу тизмеден төрт ишкана чыгарылган. Бекитилген тизмеге  59 ишкана кирди”,- деди Жоомарт Оторбаев.

 Бюджеттик каражаттардын тартыштыгынан жана банк секторунун начардыгынан улам  мамлекет айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдү толугу менен колдой электигин Биринчи- вице-премьер-министр мойнуна алды. “Бирок биз сиздердин ишиңиздерге жагымдуу шарт түзгөнгө аракеттенүүдөбүз. Быйылкы жылы фермерлерге 4 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилет. Айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө көп көңүл бөлүнөт. Бул иш чаралардын бардыгы айыл чарба азыктарын иштетүүдөгү чийки заттын баасын арзандатууга алып келет деп ишенебиз”,- деди ал.

  Мыйзам чыгаруу ишмердиги

 Бүгүнкү күнгө карата КР Жогорку Кеңешинин кароосунда КР Өкмөтү демилгелеген 134 мыйзам долбоору бар, анын ичинен 17 кечиктирилгис мыйзам долбоору катары аныкталган.

 Үчүнчү сессиянын убагында (01.09.2012ж.- 25.01.2013ж.) КР Жогорку Кеңеши КР Өкмөтү демилгелеген 53 мыйзам долбоорун ( анын ичинен 17 кечиктирилгис) жана 1 токтом кабыл алган, 32 мыйзамга КР ПРезиденти кол койгон, 3 мыйзам долбооруна КР Президенти тарабынан каршылыкка учурады жана 4 мыйзам долбоорду КР Жогорку Кеңеш четке какты.

 Ушул жылдын 25-январына карата КР Жогорку Кеңешинен КР Өкмөтүнүн Аппаратына 117 токтом, 18 фракциянын чечими, 100 комитеттердин чечими, 114 депутаттардын суроосу келип түшкөн жана көзөмөлгө алынган.

 117 токтомдун 83 токтомунун ишке ашыруу боюнча ЖКга маалымат жөнөтүлгөн. Фракциялардын 18 чечиминин 4 аткарылган. 100 комитеттердин чеимдеринин 24 боюнча маалымат жөнөтүлгөн. 114 депутаттык суроолордун 29 аткарылды.

 Документ жүгүртүү

 КР Өкмөтүнүн Аппаратында 21-25-январда министрликтерден, административдик ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан, уюмдардан 644 документ келип  түшүп каттоодон өткөн.

Министрликтерге, ведомстволорго КР Өкмөтүнүн Жетекчилигинин тапшырмасы менен 1798 документ жөнөтүлгөн, анын ичинен 69 демилгелеген документ.

 Бардыгы болуп 51 нормативдик акт чыгарылган, анын ичинен:

- КР Өкмөтүнүн токтому -15

- КР Өкмөтүнүн буйругу - 6;

 - КР Премьер-министрдин буйругу - 21;

 - КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин буйругу – 9.

 Кадрлар жана дайындоолор

 КР Премьер-министринин буйругуна ылайык Даниель Султанбеков  КР Социалдык фондунун төрагасынын  биринчи орун басарлык кызматынан бошотулду

 *****

 Өкмөт башчынын башка буйругу менен  Тенизбек Абжапаров  КР Социалдык фондунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

 *****

 Уланбек Асанов КР Социалдык фондунун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка  КР Премьер-министриЖантөрө Сатыбалдиев кол койду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                                                                                                                                                                                                маалыматтык саясат бөлүмү