01

Февраль

2013

28 января

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: тоо кендерин казып чыгуучу тармактагы бардык инвесторлор менен Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде гана мамиле курабыз 

 Мындай билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Дүйнөлүк Банк менен Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди жана инвестор качан гана республиканын мыйзамдарын так сактап иштей баштаганда “Кумтөр” маселеси түз нукка түшөт деп кошумчалады. 

“Биздин мыйзамдардын алкагында инвесторлор менен кызматташуу алтын казып алуучу компаниялардын, анын ичинде “Centerra Gold Inc” компаниясынын туруктуу ишинин кепилдиги болот.

Тоо кен тармагындагы бардык инвесторлорго өлкөнүн мыйзамдарына ылайык бирдей мамиле кылынат. Инвесторлордун баары бирдей шартта иштеши керек. Эмне үчүн дайыма эле “Кумтөр” маселеси көтөрүлөт? Анткени Келишимдер өлкөнүн эмес, кандайдыр бир топтун кызыкчылыктары үчүн түзүлүп келген. Биздин мамилелерибиз мыйзамдуу түз жолго түшмөйүн мындай маселе көтөрүлө берет. “Кумтөр” келечектүү кен. Өкмөт “Centerra Gold Inc компаниясы менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр. Учурда иштеп жаткан инвесторлордун мындан ары иштей беришине биз кызыктарбыз”, -деди аталган эл аралык финансы институттарынын  өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда. 

*****

Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди 

Бул тууралуу тиешелүү Өкмөттүн токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. 

Мындай чечим алкоголдук продукция базарынын бардык субъекттерине бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу, базарды мыйзамдаштыруунун эсебинен мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн келип түшүүсүн көбөйтүү, сапатсыз алкоголдук продукцияны керектөөнү азайтуу максатында кабыл алынды. 

Токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка эң төмөнкү баа дүң даяр продукциянын 0,5 литри үчүн 60,0 сом өлчөмүндө, чекене  даяр продукциянын 0,5 литри үчүн 70,0 сом өлчөмүндө бекитилет.

Башка сыйымдуулуктагы керектөөчү идишке куюлган аракты дүң жана чекене сатууда тиешелүү түрдө эң төмөнкү дүң жана чекене баалар даяр продукциянын 0,5 литри үчүн белгиленген эң төмөнкү баага пропорциялуу эсептелет. Аракка белгиленген эң төмөнкү дүң жана чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлөт. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы арак базарындагы абалга мониторинг жүргүзөт жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге аракка болгон эң төмөнкү баанын деңгээлин кайра кароо боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет. 

29-январь

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Баткен районунун чек ара боюндагы Чарбак, Согмент, Газ жана Кыштут айылдардын аксакалдары менен жолугушту

Жолугушуу учурунда Ж.Сатыбалдиев чек ара районундагы кырдаал тууралуу жана социалдык-экономикалык маселелердин чечилиши жөнүндө күн сайын маалымат алып турарын билдирди. “Чек ара боюндагы айылдарга гуманитардык жардам толугу менен жеткизилген. Эгерде дагы зарылчылык болсо тез арада  кошумча гуманитардык жардам жеткиребиз. Өзбек тарап менен сүйлөшүүнүн натыйжасында Барак эксклавына гумжардам жеткирдик, темир жол пункттары ачылды. Өз кезегинде Өзбекстан өздөрүнүн эксклавдарына гумжардам жеткиргенге мүмкүнчүлүк алды”,- деди Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев. 

Мындан тышкары Өкмөт башчысы чек араларды делимитация жана демаркациялоо  боюнча эки тараптык сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Эгерде 2012-жылы бул багытта ийгиликтүү иштер жүргүзүлбөсө, быйылкы жылы чек аранын жок дегенде кандайдыр бир бөлүгүн жазууну пландаштыруудабыз. Албетте бул эки тараптык макулдашуу менен жүргүзүлөт. Эки тараптык сүйлөшүүлөргө кызуу катышууга биз даярбыз”,- деп айтты Өкмөт башчы. 

Жолугушуу учурунда Ж. Сатыбалдиев Өкмөт чек арачыларга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөт жасап жаткан иштерге да токтолду жана бул багытта жакында эле чек арачылардын айлык акысы жогорулаганын эскертти.

 Согмент айылынын аксакалы Бабаназар Абдраимов баштаган иштерди, атап айтсак, таза суу менен камсыздоону, альтернативдик электр линияларын курууну, чек- араны чыңдоону, автоунаа жолдорун курууну аягына чейин чыгарууну чек- ара боюндагы тургундар талап кылганын билдирди. 

Аксакалдардын суроолоруна жооп берип жатып Премьер-министр бүт башталган иштер толугу менен аягына чыгаарын баса белгиледи. “Баткен областынын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерин чечүү боюнча тиешелүү буйрукка кол койдум”- деди Премьер-министр.

*****

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Кыргызстандын аймагынан муңай заттардын контрабандасына бөгөт кою иштерин күчөтүү жөнүндө тапшырма берди 

Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, транспорт жана коммуникация министри, Өкмөт алдындагы салык, бажы кызматтарынын, экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын башчылары  менен болгон жумушчу жыйынында берди. 

Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык Кыргызстандын аймагынан күйүүчү- майлоочу заттардын контрабандасына бөгөт кою боюнча Координациялык штабдын иши кайра жандандырылат. 

Мындан тышкары  жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы практикалык иш чаралар жүргүзүлөт. 

КР Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына Баткен облусундагы май куюучу жайларды текшерүүнү жана  мыйзамга ылайык келбей иш жүргүзгөн май куюучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чара колдонуу тапшырылды. 

 Баткен облусуна күйүүчү-майлоочу майлардын киришин эсепке алуу жана көзөмөлдөө бензинди жана дизелдик майды мыйзамсыз алып чыгууда бөгөт коюудагы иш чаралардын маанилүү бөлүгү болгондуктан  Кадамжай районунун “Айырбас”  чек ара өткөрмөсүндө  тиешелүү кызматтардын тартылуусу менен мониторингдөө постун уюштуруу КР Өкмөтүнүн алдындагы салык кызматына  тапшырылды. 

КР транспорт жана коммуникация министрлигине кыска мөөнөттүн ичинде Ош шаарынан Ноокат районуна, Баткен облусуна багыт алган чоң жүк ташуучу автоунааларды милдеттүү түрдө  салык жана транспорт министрлигинин тараза кызматтарында каттоодон өткөрүүчү тараза көзөмөлүн уюштуруу тапшырылды. 

Мындан тышкары Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө бажы жана чек ара өткөрмөлөрүнөн тышкары коңшу өлкөлөргө өтүп жаткан муңай заттарга жана башка товарларга бөгөт кою үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын жана башка тиешелүү органдардын жетекчилерин өтмө жолдорду тосмо коюп бекитүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттендирүү тапшырылды. 

30-январь

 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Т.Сарпашевдин КЭРге жумушчу иш сапары башталды 

Иш сапардын алкагында Т.Сарпашев Кытай  коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү Лю Яньдун жана КЭР коммерция министринин орун басары Чэнь Цзяня менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 

Жолугушуу учурунда соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча ой бөлүшүүлөр болот. Курулуш. айыл чарба жана авиация тармагында инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Кытайдын айрым өнөр-жай объектерине барат.

*****

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кабыл алды. 

Өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев Ош шаарынын мэринин ыйгарым укуктары бүткөндүгүнө байланыштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын негизинде 2013-жылдын 29-январынан тартып, мэрди шайлоо өткөрүлгөнгө чейин Ош шаарынын милдетин аткаруу М.Мырзакматовго жүктөлгөнүн билдирди.

Ошондой эле жолугушуу учурунда тараптар Ош шаарынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жана быйылкы жылга карата пландарды талкуулашты.

*****

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева “Мамлекет жана дин: Диний билим берүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу улуттук конференцияга катышты. 

Конференцияны ачып жатып Камила Талиева коомубуздун эң маанилүү маселелеринин бири болгон мамлекет менен коомдун дин менен болгон өз ара мамилесин, диний сабат жана анын сапатын бүгүнкү конференцияда талкуулаган жатабыз деди. 

“Азыркы мезгилде дин коомдун аң сезимине, бардык  мамлекеттердин саясий абалына таасир тийгизген  фактор болуп  калганы баарыбызга белгилүү. Экинчи жагынан дин боюнча сабаттуулуктун деңгээли жетиштүү болбогону дагы өлкөдөгү саясий кырдаалга терс таасирин тийгизүүдө. Элибизде дин өкүлдөрүнө карай дайыма  катаал сын көз караш болуп келген. Молдолорду абдан баркташып, ал өзүнүн билими, адамдык сапаты менен жалпы элге үлгү болууга тийиш деп эсептешкен.   Учурда ушундай талаптарга жооп бере алган инсандар деле бар. Бирок диний кызматкерлердин арасында билими жетишпегендер да бар. Алар жөнүндө элде терс пикирлер дагы арбын болуп жатканын жашырып коюуга мүмкүн эмес. Дин ишмерлеринин  кынтыксыз жүрүм-туруму жана жогорку теология билими болушу өтө маанилүү. Ошондо гана биз динибизди сактай алабыз. Аны чечүү үчүн мамлекет менен мусулмандардын Дин башкармалыгы пикирлеш болуп бирге иштеши зарыл. Элдин ынтымагын чыңаганга, элди туура жолго багыттоого даремети жеткен молдо болуш үчүн диний кызматкерлердин диний жана жалпы билими жетиштүү болууга тийиш”- деди вице-премьер-министр К.Талиева. 

Конференциянын жүрүшүндө Камила Талиева форумдун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди жана өлкөнүн диний ишмерлери менен коомубуздагы ар бир адамды ойлондурган олуттуу көйгөйлөр талкууланды.

31- январь

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин КЭРдеги жумушчу иш сапары 

Иш сапардыналкагында Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Лю Яньдун айым менен, жана Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары мырза Ли Цзиньцзао менен жолугушту. 

Сүйлөшүү учурунда тараптар КР Президенти А.Атамбаевдин 2012-жылдын июнь айындагы КЭРге жана КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябаонун былтыркы жылдын декабрында  КРге  болгон расмий сапарларынын жыйынтыктарын бийик баалашты.

Жолугушууларда эки тараптуу кыргыз-кытай соода-экономиклык актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар гидроэнергетика, тоо-кен, транспорт жана инфраструктура, айыл чарба тармактарындагы долбоорлорду мындан ары ишке ашырууну алдыга жылдырууну макулдашты. Анын ичинде,”Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун долбоору, авиациялык транспортторду берүү, Кытайга сүт азыктарын импорттоо жөнүндө өз болду.

*****

Малайзия кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүүнү ниет кылат 

Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Малайзияга болгон иш сапарынын алкагында 29-31январда Малайзиянын Премьер-министри Наджиб Тун Абдул Разак, Малазиянын мурдагы Премьер-министри Махатхир Мохамад жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Малайзиянын Премьер-министри Наджиб Тун Абдул Разак менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптык кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө маселелери каралды. Жоомарт Оторбаев маектешине Кыргызстандагы ички саясий кырдаал тууралу, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо боюнча Өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө тааныштырды.

Малайзия Өкмөтүнүн Башчысы Наджиб Тун Абдул Разак кыргыз тараптын квоталык негизде эмгек ресурстары менен алмашуу жөнүндө келишим түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сунушту кызыгуу менен кабыл алды. Бул маселе боюнча Малайзия тарабы жакын арада өздөрүнүн сунуштарын бермей болушту.Тараптар учурда түзүлгөн эки өлкөнүн ортосундагы жогорку билим берүү областында кызматташууну кеңейтүүнүн зарылчылыгын түшүнүштү. Малайзиялык тарап  Малайзиянын ЖОЖдорунда бекер жана контракт менен билим алып жатышкан Кыргызстандык студенттердин  санын көбөйтүүнү сунуштады.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча тараптар эмгек ресурстар менен алмашуу, жогорку билим берүү, туризм, айыл чарба азыктарын кайрадан иштетүү, халал-индустрия тармактарында долбоорлорду , соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, ошондой эле Кыргызстандын экономикасына Малайзиялык инвесторлорду тартууну белгилешти.

Маектешүүнүн соңунда Жоомарт Оторбаев КР Президентинин жана КР өкмөтүнүн атынан Малайзиянын Премьер-министрин ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келип кетүүнү чакырды.

Андан соң Жоомарт Оторбаев Малайзия Премьер-министринин стратегиялык экономиканы пландаштыруу Департаментинин башчысы Рахамат Биви Юсуфф менен жолугушту.Маектешүү учурунда тараптар потенциалдуу малайзиялык инвесторлорду Кыргызстанга тартуу боюнча конкреттүү иш-чараларды талкуулашты. 

1-февраль

Жоомарт Оторбаев Бангкокто «Экономикалык трансформация жана ар тараптуу өнүгүү”конференциясына катышты 

Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев  Эл аралык Валюта фонду менен Япониянын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин эгидасынын алдында Бангкок шаарында өткөн «Экономикалык трансформация жана ар тараптуу өнүгүү” конференциясынын ишине катышты. 

Конференцияда Жоомарт Оторбаев Азия континентиндеги өлкөлөрдүн экономикасынын азыркы учурдагы өнүгүү маселеси боюнча доклад жасады.Сунушталган докладда Борбордук Азия өлкөлөрү менен Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүү перспективасы, ошондой эле алардын жалпы экономикасынын өнүгүшү камтылды. 

Бангкокко болгон сапардын алкагында Жоомарт Оторбаев Таиланд Королевствасынын Вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Сурапонг Товичакчайкул менен жолугушту. Жолугушуу учурунда мамлекеттер аралык ар тараптуу мамилелерди кеңейтүү максатында Астана шаарында 2012-жылы сентябрда ачылган резиденциясында Таиланддын Элчисин жакында аккредитациялоо маселеси талкууланды. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар, өзгөчө айыл чарба, энергетика жана туризм тармагында үзгүлтүксүз кызматташууну жөнгө салууну билдиришти. 

Маектешүүнүн соңунда Таиланддын Вице-премьер-министри ушул жылдын 16-20 майында Таиланд шаарында өтүүчү Азиялык-Тынч Океандык суу саммитинин 2-жыйынына катышууга Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди  чакырды. Ага жооп кылып Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнүн атынан Таиланддын Вице-премьер-министрин өзүнө ыңгайлуу мезгилде Кыргызстанга  иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Кадрлар жана дайындоолор 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиевдин буйругу менен Абакиров Болот Анашевич берген арызына ылайык өз каалоосу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулду.

 

Мыйзам чыгаруу ишмердиги 

КР Жогорку Кеңешинде 01.02.13-ж. карата  КР Өкмөтү демилгелеген 130 мыйзам долбоору кароодо, анын ичинен 17кечиктирилгис мыйзам долбоорлору деп аныкталган. 

01.09.2012 - 01.02.2013 ж. КР Жогорку Кеңеши КР Өкмөт демилгелеген 57 мыйзам долбоорун (анын ичинен 18 кечиктирилгис), 1 токтомду кабыл алган, КР Президенти 33 мыйзамга кол койгон, 4 мыйзам долбоору каршылыкка учураган, 4 мыйзам долбоору  КР Жогорку Кеңеши тарабынан четке кагылган. 

Ушул жылдын 1-февралына  карата КР Өкмөтүнүн Аппаратына КР жогорку Кеңешинен 123 токтом, 25  фракциялардын чечим, 120 комитеттердин чечими,142 депутаттардын суроосу келип түшкөн жана көзөмөлгө алынган.

Документ жүгүртүү 

КР Өкмөтүнүн Аппаратында аталган мөөнөттө минстерстволордон, ведомстволордон, жана башка мамлекеттик органдардан жана уюмдардан 791 документ келип түшүп каттоодон өткөн.

Минстерстволорго, ведомстволорго КР Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмасы менен 1807 чыгыш документи кеткен. 

Нормативдик актылардан 19 чыгарылган, анын ичинен:

- КР Өкмөтүнүн токтому-5;

- КР Өкмөтүнүн буйругу- 4;

- Премьер-министрадин буйругу- 8;

- КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин буйругу- 2.

27 нормативдик укуктук актыларга экспертиза жүргүзүлгөн,анын ичинен 26 долбоор КР Өкмөтүнүн Регламентинин талаптарына жооп бергени аныкталып Өкмөттүн  аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө аткарууга берилген. 1 долбоор  КР Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар агенттигине иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү