04

Февраль

2021

Премьер-министр Улукбек Марипов борбордук аппараттын жамаатына Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов борбордук аппараттын жамаатына Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди тааныштырды.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын окуду, ага ылайык, Кубанычбек Турдубаев түзүлгөн мамлекеттик органдын жетекчиси болуп дайындалган. 

«Кубанычбек Турдубаев – энергетика тармагында көп жылдардан бери эмгектенип келген инсан. Анын иш тажрыйбасы энергетикалык комплексти өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды кабыл алууга мүмкүндүк берет деп ишенем», - деди Премьер-министр.

Буга катар Өкмөт башчы мамлекеттик орган алдында турган жаңы кубаттуулуктарды жана өнөр жай ишканаларын түзүү, энергетикалык тармактагы техникалык жоготууларды кыскартуу боюнча ыкчам жана узак мөөнөттүү милдеттерди белгиледи. 

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жаңы дайындалган Энергетика жана өнөр жай министрине алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө ийгиликтердин болушун жана жамаат менен биргеликте ырааттуу иш алып барылышын каалады