04

Февраль

2021

Премьер-министр Улукбек Марипов «Almaty Digital Forum 2021» Форумуна жана Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

img

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүчү Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Еразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Иш-чаранын алкагында Өкмөт башчы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Премьер-министр «Almaty Digital Forum 2021» Форумунун ишине катышмакчы.