05

Февраль

2021

Премьер-министр Улукбек Марипов Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Almaty digital Forum» 2021 санариптик форумуна катышуу алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Никол Пашинян өз-ара кызыкчылыкты туудурган ар кыл тармактардагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчылар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Никол Пашинян өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.