05
Февраль
Премьер-министр Улукбек Марипов: Биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу Бирликтин Чоң Евразиялык өнөктөштүк катары потенциалын ачат
Биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана трансчекаралык түйүндөрдү толук кандуу ишке тартуу Бирликтин Чоң Евразиялык өнөктөштүк катары потенциалын ачат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
«Биздин алдыбызда негизги милдет – калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында экономикабызды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо турат. Биздин интеграция ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандарына кызмат кылып, алардын бакубаттуулугун жогорулатууну камсыздоосу керек. Биз өлкөбүздүн соода жана транзиттик потенциалын уюмга мүчө-өлкөлөрдүн, ошондой эле чет элдик өнөктөштөрдүн катышуусунда евразиялык дүң-логистикалык комплекстерди түзүү аркылуу пайдаланууга даяр экенибизди билдиребиз. Аталган маселени ишке ашыруу мезгили келип жетти», - деди Улукбек Марипов.
Премьер-министр кеңешме мүчөлөрүнүн көңүлүн ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн Жетекчилери кабыл алган ЕАЭБди 2025-жылга дейре өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары мындан аркы иш-аракеттердин ориентири болооруна, анда тез өзгөрүп туруучу дүйнөлүк тенденциялар эске алынгандыгына бурду.
«Дүйнөлүк экономикада түзүлгөн жөнөкөй эмес кырдаалда алгачкы кадамдарды пайдалануу бирикменин алдыга коюлган максаттарына толук түрдө жетишүү үчүн жетишсиз болушу ыктымал. Стратегиялык багыттардын толук жана ийгиликтүү ишке ашырылышы биздин күн тартиптеги биринчи кезектеги иш-чара болушу керек. Биз кыска мөөнөттө тийиштүү иш-чаралар каралган Иш планын иштеп чыгып, аны бекитүүбүз зарыл», - деди Улукбек Марипов.
Өкмөт башчы аймактык жана улуттук өнүктүрүү институттары тарабынан артыкчылыктуу каржылоо үчүн инвестициялык долбоорлордун тизимин түзүп баштоону сунуштады. Мындай долбоорлорго инвестицияларды тартуу натыйжасында Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн экспорттук потенциалын кеңейтүү мүмкүндүгү болот, бул экспорттук-импорттук товар жүгүртүүнүн убактысын жана аралыгын кескин кыскартып, долбоорго мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык алмашууну жогорулатат. Бул шартта Кыргыз Республикасы тарабынан мурда сунушталган каржылоонун ийкемдүү шарттары каралган биргелешкен финансы институттарынын максаттуу көмөктөшүү механизмин түзүүсү тууралуу демилге актуалдулугун жогото элек», - деди Премьер-министр.
Буга катар Өкмөт башчы бирдиктүү санариптик мейкиндикти уюштурууну тездетүү зарылдыгын белгиледи.
«Пандемия санариптештирүүнүн өнүгүүсүн тездетип, санариптик келечекке жакындатты, бул бизди жаңы процесстерге ыңгайлаштырды. Ошондуктан бүгүн натыйжада ЕАЭБ ички рыногундагы төрт эркиндикти толук кандуу камсыздоого өбөлгө түзүүчү санариптик экотутумдарды түзүү маанилүү.
Эркиндик тууралуу айтууда, физикалык жактардын кыймылына киргизилген чектөөлөрдөн улам татаал абалда калган эмгек мигранттарынын учурдагы жагымсыз абалын өзгөчө белгилеп кетким келет. Учурда ишканаларды эмгекчилердин тийиштүүү саны менен камсыздоо жана эмгек мигранттарынын өз иш орундарына кайтып баруусу үчүн акырындык менен өлкөлөр ортосундагы чектөөлөрдү алуу, каттамдар санын жогорулатуу маселеси курч турат», - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.
Кеңешменин соңунда Премьер-министр Улукбек Марипов товарлардын, тейлөөнүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыздоонун маанилүү факторлорунун бири катары интеграциялык бирикменин ички рыногундагы тоскоолдуктарды, алып салууларды жана чектөөлөрдү мындан ары жоюу боюнча иштин активдешүүсүнө ишенимин билдирди.