05

Февраль

2021

Премьер-министр Улукбек Марипов Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен кыскача пикир алышуусу орун алды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашты. 

Михаил Мишустин Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.