05

Февраль

2021

Алматы шаарындагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан бир катар документтерге кол коюлду.


Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында кол коюлган докукменттердин тизими:


- «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 40-беренесине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагындагы жооп кайтаруу чараларын пайдалануу механизми жөнүндө маселе боюнча баяндама тууралуу» маселеси алкагындагы тапшырма;


-  «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн деңиз өткөрүү пункттарындагы электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» чечим;


- «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» чечим;


- «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдөгү макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар тууралуу» буйрук;


- «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» буйрук;


- «Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кзектеги жыйынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө» буйрук.