06
Февраль
Премьер-министр Улукбек Марипов Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту
Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана суу-энергетикалык тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын маселелерин талкуулады.
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар 2021-жылы Казакстан Республикасынын аймагында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынын өткөрүүнү макулдашты.
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана ишине ийгиликтерди каалады.