08

Февраль

2021

Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Премьер-министр Улукбек Мариповду Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы достук, коңшулук жана өз-ара сый мамилелерди жогору баалоо менен Сиздин активдүү катышууңуз аркылуу Тажикстан жана Кыргыз Республикасы аралык өз-ара мамилелер кеңейүүгө багыт алып, жаңы мазмунга ээ болооруна ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Өкмөт башчы Улукбек Мариповго – ден-соолук жана ишиндеги ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.