09

Февраль

2021

КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Улукбек Мариповду Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповду Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Өз куттуктоосунда Кытай Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян эки тараптуу мамилелердин, эки өлкө ортосундагы достуктун, саясий өз-ара ишенимдин жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.

Ал өз-ара пайдалуу жана көп багыттуу кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Мамлекеттик кеңештин Премьери Ли Кэцян Премьер-министр Улукбек Мариповго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жоопкерчиликтүү кызматтагы ийгиликтерди каалады.