10
Февраль
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу буйрук
«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Аталган чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.