08

Февраль

2021

Жарасул Абдураимов:" Кара- Суу шаарына 2021-жылы канализация орнотуу иши башталат."

 Буга чейин  Ош облусунун Кара- Суу, Өзгөн, Ноокат шаарларына канализация орнотуу үчүн долбоор бекитилип, ЕБР ден каражат бөлүнүп, ал эсепке түшкөндүгү айтылган.

Бирок, 3 жылдан бери башталбаганы жергиликтүү элдин нааразычылык пикирлерин жаратып келген.

Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов бул маселе боюнча, жыл жыйынтыгын чыгаруу жыйындарында жана эл менен жолугушууда элден бир нече жолу кайрылуу келгендигин айтып, Кара- Суу районунун акиминин  м.а.  К.Адиев баштаган тийшитүү тармак жетекчилерин жана эксперттер менен талкуулады. 

 Жыйынтыгында , долбоору бүтүп, каражат бөлүнгөн  жумуш экология кызматынын уруксаты бобогон үчүн токтоп, ал үчүн банкта кармалып турган каражат үчүн пайыз төлөөгө мажбур болуп жаткандыгыбыз айтылды.

Жарасул Абдураимов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына талап койду

 "Мындай ири долбоор иштелип жатканда кошо иштеп, жол көрсөтүп, жардам бергиле. Мамлекеттин өнүгүүсү, жарандардын жашоосун жакшыртуу, албетте, жерибиздин экологиясы баарыбызга бирдей керек жана маанилүү. каражат кетип, убакыт сарпталып, араңдан зорг тапкан каражат кайтып кетсе, түздөн-түз моралдык күнөөкөр болосуңар"-, деп айтты Ош облусунун башчысы.  

Кайрадан биргелешип иштеп, Кара- Суу шаарынын канализациясы үчүн талаптарга жооп берген долбоор сунуштоого 1 ай убакыт берилди.



Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу

өкүлүнүн маалымат кызматы