04

Февраль

2021

Ош эл аралык аэропортунун жаңы имаратын Түркия тарап куруу ниетин билдирди.

Ош облусунда жаңы эл аралык аэропорт куруу- стратегиялык жана экономикалык чоң мааниге ээ.

 Ал үчүн 500 гектар жер аянты Мады  жана Отуз-Адыр айыл аймактарынан бөлүнгөн,  бирок каражат чечилбей токтоп калган. 

Буга чейин кытайлык жеке компания куруу ниетин билдирген , бирок, стратегиялык мааниден улам колдоо тапкан эмес.

Эми Туркия мамлекети тарабынан  каржылоо сунушу түшкөн. Бул багытта талкуу иштери жүрүп жатат.

Аэропорт куруу пландалган аянтты Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов,  өкүлдүн орун басары А. Махаммадов, Кара- Суу районунун акиминин м.а. К. Адиев, Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Матанбаев ж.б. тийиштүү кызматтын жетекчилери  барып жеринен көрүп, Өкмөткө сунуш даярдоо тапшырмасы коюлду.



Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнаалымат кызматы